Ылай-Талаа-Гүлчө автожолунун курулуш иштери жеринде текшерилди

19.08.2026  10:38

138

Ылай-Талаа-Гүлчө автожолунун курулуш иштери жеринде текшерилди

2026-жылдын 17-августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын тапшырмалары боюнча иш алып баруучу Бакыт Торобаевдин Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ылай-Талаа-Гүлчө автожолунун курулуш иштери менен жеринде таанышуу болуп өттү.

Иш сапарга Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Аталган автожолдун жалпы узундугу 55 км түзөт. Учурда жолдун 15 км аралыгында курулуш иштери активдүү жүрүп жатат. Анын ичинен 4 км аймагына биринчи катмарына асфальт төшөө иштери учурда уланып жатат. Курулуш иштерин «Жагалмай» ЖЧК компаниясы аткарууда. Долбоорду толугу менен пайдаланууга берүү мөөнөтү 2027-жылдын ноябрына белгиленген.

Жолугушуунун жүрүшүндө, расмий өкүлдөр курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруп, белгиленген мөөнөттө толук кандуу бүткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Жаңы салынып жаткан жол Кара-Кулжа, Чоң-Алай, Алай райондорунун тургундары үчүн транспорттук жеткиликтүүлүктү бир топ жакшыртып, экономикалык жана социалдык өнүгүүгө оң таасирин тийгизет деп күтүлүүдө.

🏛️ Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы