VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: «Биримдик кербени» Өзгөн районунан Жалал-Абад облусуна салтанаттуу түрдө өткөрүлүп берилди

10.08.2026  09:38

69

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: «Биримдик кербени» Өзгөн районунан Жалал-Абад облусуна салтанаттуу түрдө өткөрүлүп берилди

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган «Биримдик кербени» аттуу 40 күндүк улуттук жөө жүрүш бүгүн, 6-августта, Өзгөн районунан, Жалал-Абад облусуна салтанаттуу түрдө өткөрүлүп берилди.

Кербендин катышуучулары кыргыздын улуттук кийимдерин кийип, ат үстүндө келүү менен кыргыз элинин байыркы салт-санааларын жана үрп-адаттарын көркөмдүү чагылдырышты. Алар сапары учурунда өлкөнүн ар кайсы аймактарынан чогултулган ыйык булак сууларын алып келишти.

Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылында Баткен облусунан келген «Биримдик кербени» менен Ош облусунун 7 районунан келген кербендердин жолугушуусу майрамдык салтанат менен коштолду. Салтанат учурунда улуттук оюн-зооктор жана ыр-концерттик программалар тартууланып, маданий иш-чаралар өткөрүлдү. Кербен Өзгөндө бир түн эс алып, бүгүн салтанаттуу түрдө Жалал-Абад облусуна өткөрүлдү.

Кыргыз эли үчүн суу жашоонун, берекенин жана ырыскынын символу болуп саналат. Ар бир аймактан чогултулган суулардын бир көөкөргө куюлушу – бул өлкөбүздүн ынтымагын, биримдигин жана жергебиздин байлыгын даңазалаган символикалык иш-чара.

«Биримдик кербени» жалпысынан 40 райондон суу чогултуп, Ысык-Көл облусунда өтө турган «40 уук – бир түндүк» аттуу салтанаттуу иш-чарада бир казанга бириктирилет.

Маршрут жана катышуучулар:

Салтанаттуу өткөрүп берүү аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мирлан Орозбаев катышты.

Өзгөн районунун кербенин райондун акими Каныбек Апбазов жетектеди.

Кербенди коштоп барууга Ош облусунун Өзгөн, Ноокат, Кара-Кулжа, Чоң-Алай жана Алай райондорунун акимдери катышты.

Жалал-Абад облусунун Манас шаарынан «Биримдик кербенин» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Исламбек Увайдиллаев, Сузак районунун акими Дамир Кулубаев жана Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаилов расмий түрдө тосуп алышты.

Бул улуттук жүрүш 25-июлдан 2-сентябрга чейин уланып, ага 400дөн ашуун адам катышууда. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын уникалдуу маданий байлыгын жана элибиздин биримдигин дүйнөлүк аренада кеңири таанытууга багытталган.

🏛️ Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы