Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!

23.06.2025  12:00

149

Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Мамлекеттик башкаруу системасында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында эмгектенип, элибизге ак ниет кызмат кылып жаткан ар бириңиздердин жоопкерчиликтүү ишиңиздер мамлекеттин өнүгүшүнө, жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга зор салым кошууда.

Сиздердин билимиңиздер, тажрыйбаңыздар, принципиалдуулугуңуздар жана элге кызмат кылууга болгон даярдыгыңыздар — коомдогу стабилдүүлүктүн жана жарандардын мамлекетке болгон ишениминин кепилдиги болуп саналат.

Өз милдетин так жана ак ниет аткарган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге терең ыраазычылык билдирем. Сиздердин аракеттериңиздердин аркасында Ош облусунда социалдык-экономикалык өнүгүү, калктын жашоо сапатынын жакшырышы жана коомдогу ынтымакты сактоо багытында бир топ жетишкендиктер жаралууда.

Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана ар дайым эл ишенимин актай турган ийгиликтүү кызматтык жол каалайм! Ишиңиздер ар дайым жооптуу болсун, бирок ар дайым сыймыктуу жана жыйынтыктуу болсун!

Мамлекетке берилген таза кызмат — элге болгон урмат!

Майрамыңыздар менен!

Урматтоо менен,
Ош облусунун башчысы Эльчибек Джантаев