Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу Жарлыгынын мазмунун жана максаттарын кеңири түшүндүрүү, ошондой эле аны ишке ашырууда эл менен болгон өз ара аракеттенүүнү күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы тарабынан 22–24-октябрь күндөрү Ош облусунда окуу курсу уюштурулду.
Окууга райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, облустук мекеме-уюмдардын кызматкерлери жана жогорку окуу жайларынын окутуучулары катышышты.
Үч күндүк окуу курсунун алкагында төмөнкү адистер мазмундуу баяндамаларды жасашты:
• тарых илимдеринин доктору, филология илимдеринин кандидаты, профессор Кайыпов Сулайман Турдуевич;
• КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мураталиев Мелис Казакбаевич;
• Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фондунун төрагасы, профессор Молдокасымов Кыяз Сатарович;
• КР Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Адилбек уулу Фуркатбек.
Баяндамаларда “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу Жарлыгынын негизги багыттары, анын коомдук-саясий жана маданий мааниси кеңири түшүндүрүлүп, катышуучулардын суроолоруна жооп берилди.
Иш-чарага ошондой эле КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Арстанкулов Талантбек Курбаналиевич жана өкүлчүлүктүн социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты.
Бүгүн, 24-октябрь күнү окуу курсунун жыйынтыктоо бөлүгү катары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов жана КР Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары – бөлүм башчысы Октябрь Капалбаев Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери менен жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушуу учурунда Марат Иманкулов жана Октябрь Капалбаев “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу Жарлыгынын максаттары жана мааниси тууралуу кеңири түшүндүрмө беришип, студенттер менен окутуучулардын суроолоруна жооп беришти.
Иш-чаранын соңунда үч күндүк окуу курсунун 54 катышуучусуна тиешелүү сертификаттар тапшырылды.