Төөлөс айылынын тургундары: Жер, жол, суу, мектеп, бала бакчага чейинки көйгөйлөр айтылды
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Төөлөс айыл аймагынын тургундары менен жолугушуп, алардын турмушундагы олуттуу маселелерди тереңинен талкуулады.
Жолугушуунун негизги темалары жер, жол, суу маселелери, ошондой эле мектеп, бала бакча жана спорт аянтчалардын жетишсиздиги болду.
Аманкан Кенжебаев айыл тургундарынын кайрылууларынын жыйынтыгында ар бир көтөрүлгөн маселени карап чыгып, жеринде тийиштүү мамлекеттик жетекчилерге натыйжалуу чечимдерди табуу боюнча тапшырмаларды берди.
*****
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы