Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн тарых илимдеринин доктору, филология илимдеринин кандидаты, профессор Сулайман Кайыпов "Ош облусунун ардактуу атуулу" наамы менен сыйланды.
Наамды облус башчысынын орун басары Талантбек Арстанкулов тапшырды.
Өкүлдүн орун басары облус жетекчиси Эльчибек Джантаевдин атынан куттуктоо сөз сүйлөп, окумуштуу Сулайман Кайыповдун өлкөгө жана аймакка сиңирген эмгегин жогору баалап, мындан аркы ишинде ийгиликтерди каалады.