Сегиз жаран “Ош облусунун ардактуу атуулу” наамы менен сыйланды

12.09.2025  16:13

14

Сегиз жаран “Ош облусунун ардактуу атуулу” наамы менен сыйланды

12-сентябрьда, Алай районунун Калама жайлоосунда өтүп жаткан Алымбек датка Асанбий уулунун 225 жылдык мааракесине карата өзгөчө салтанаттуу учур болду.

Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн жети жаранга “Ош облусунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды.

Ардактуу наамга ээ болгондор:

- Сүйүнбек Касмамбетов — мурдагы Мамлекеттик катчы

- Нурбек Алимбеков — Жогорку Кеңештин депутаты

- Түгөлбай Казаков — Кыргыз Республикасынын Эл артисти

- Аккулу Бердиев — Жогорку Кеңештин депутаты

- Динара Ашимова — Жогорку Кеңештин депутаты

- Жанарбек Акаев — Жогорку Кеңештин депутаты

- Асанбек Тороев — жеке ишкер

- Молдошбай Тилебалдыев – ардагер

Наамдарды Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев тапшырды. Ал ардактуу атуулдарды куттуктап, эл-жер үчүн жасаган кызматтары үчүн терең ыраазычылык билдирди.