“Салам, Ош – 2025” фестивалы Кара-Кой жайлоосунда уланды

04.06.2025  16:10

11

“Салам, Ош – 2025” фестивалы Кара-Кой жайлоосунда уланды

Бүгүн, 4-июнь күнү «Салам, Ош – 2025» II Эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн экинчи күнү Ноокат районундагы көз жоосун алган Кара-Кой жайлоосунда өткөрүлдү. Табигый кооз аймакта уюштурулган бул этно-көргөзмө кыргыз элинин бай маданиятын, каада-салтын жана туризм мүмкүнчүлүктөрүн таанытуу максатын көздөйт.

Иш-чараны Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү уюштуруп, ага облус жетекчиси Эльчибек Джантаев, КР Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти, Туризм департаментинин директору жана башка расмий коноктор катышты.

Мындан тышкары, көргөзмөгө Германия, Кытай, Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан өңдүү 10дон ашуун өлкөлөрдөн жана Кыргызстандын бардык аймактарынан келген туризм тармагындагы уюмдар, мекемелер, туроператорлор жана жергиликтүү тургундар келишти.

Иш-чаранын алкагында облустун бардык райондору тарабынан тигилген боз үйлөр жана аларда уюштурулган этно-көргөзмөлөр көрсөтүлдү. Облус жетекчиси баштаган расмий коноктор элдик каада-салттарды, кол өнөрчүлүк өнөрлөрүн, улуттук оюн-зоокторду жана концерттик программаларды көрүштү. Ошондой эле салбуурун жана фольклордук таймаштар уюштурулуп, келген меймандар Кара-Кой жайлоосунун табигый кооздугу менен таанышты.

Фестивалдын расмий бөлүгүндө сөз сүйлөгөн облус жетекчиси Эльчибек Джантаев бул иш-чара Ош облусунун уникалдуу жаратылышы менен маданий мурастарын дүйнөлүк деңгээлде таанытууга, эл аралык туризм кызматташуусун арттырууга, инвестиция тартууга жана жергиликтүү тургундардын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө болорун баса белгиледи.

Мындан тышкары, фестивалдын алкагында кийинки жылы “Салам, Ош” фестивалын өткөрүү укугу Кара-Суу районуна эстафета катары өткөрүлүп, фестивалдын эн белгиси тапшырылды.

Көргөзмөнүн негизги максаттары төмөнкүлөр:

- Регионго туристтердин агымын көбөйтүү

- Эл аралык жана жергиликтүү туроператорлор ортосунда кызматташууну күчөтүү

- Жергиликтүү элдин туризм жаатындагы маалымдуулугун арттыруу

- Этно-маданий мурасты жайылтуу

- Ички жана тышкы туризм кызматтарын өнүктүрүү

«Салам, Ош – 2025» фестивалы – Ош облусундагы жаңы туристтик багыттарды түзүүдө жана жайылтууда маанилүү кадам болуп саналат. Анын расмий ачылышы 3-июнда Ошто жогорку деңгээлде өтүп, бүгүнкү күндө этно-туризм темасында Кара-Кой жайлоосунда уланып, жогорку деңгээлде өткөрүлдү.