Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жарандарды жеке кабыл алды

19.08.2026  10:40

162

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жарандарды жеке кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев облустун ар кайсы аймактарынан келген жарандарды жеке кабыл алып, алардын турмуштук маанилүү маселелерин укту. Кабыл алууга 50дөн ашуун жаран келип, ар кандай маселелер боюнча кайрылуу жасашты.

Кабыл алууда негизинен төмөнкү маселелер боюнча кайрылуулар арбын болду:

Социалдык маселелер: Баласына ырайым суроо, алимент ала албай жаткан энелердин көйгөйлөрү, зомбулукка кабылган жарандардын укуктарын коргоо жана башка социалдык жардамга муктаж адамдардын суроолору.

Жер маселеси: Жер тилке бөлүп берүү, мыйзамсыз жер ээлөөлөрдү жөнгө салуу, талаш жерлерди чечүү боюнча кайрылуулар.

Коммуналдык маселелер: Таза суу менен камсыздоо, айыл аймактарындагы жолдордун абалы, электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү сыяктуу маселелер.

Сот маселелери: Соттун чечими чыкканына карабастан аткарылбай жаткан документтерди чечүү, сот адилеттигине жетүү боюнча арыздар.

Кабыл алуунун жыйынтыгында, бардык жарандардын кайрылуулары кылдаттык менен угулуп, протоколдук түрдө катталып, тиешелүү мамлекеттик органдарга чечим кабыл алуу үчүн тапшырмалар берилди. Мыйзамдын чегинде чечилиши мүмкүн болгон маселелер боюнча жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ыйгарым укуктуу өкүл Аманкан Кенжебаев ар бир жарандын кайрылуусу көзөмөлгө алынарын баса белгилеп, жарандардын көйгөйлөрүн чечүү мамлекеттик саясаттын эң башкы приоритеттеринин бири экенин жана бул багыттагы иштер улантыла берерин билдирди.

🏛️ Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы