Ош облусу, 2026-жылдын 29-сентябры — Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев облус тургундарын жеке кабыл алуу өткөрдү.
Кабыл алууга Ош облусунун жети районунан — Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунан жарандар кайрылышты.
Жеке кабыл алууда жарандар тарабынан социалдык, турак-жай, жер тилке, жумушка орношуу жана укук коргоо маселелери боюнча арыздар билдирилди.
Көтөрүлгөн негизги маселелер:
Жер тилке маселеси: Өзгөн районунун тургундары Ачы массивинен жана айыл чарба багытындагы жерлерден жер тилке алып берүү маселесин көтөрүштү.
Турак-жай маселеси: Кара-Кулжа, Өзгөн жана Ноокат райондорунун тургундары Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу жеңилдетилген шартта турак-жай алууга көмөк сурашты.
Социалдык жардам: Кара-Кулжа, Алай жана Ноокат райондорунан келген жарандар материалдык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышты.
Эмгек маселеси: Алай районунун тургуну бала бакчага мугалим болуп орношуусуна тоскоолдуктар болуп жаткандыгын айтып, тийиштүү чара көрүүнү суранды.
Укук коргоо маселеси: Алай районунун дагы бир тургуну алдамчылыкка туш болуп, ири өлчөмдөгү акча каражатынан айрылгандыгын билдирип, укук коргоо органдары тарабынан чара көрүүнү өтүндү.
Көрүлгөн чаралар:
Бардык кайрылуулар боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди. Атап айтканда, Ош облусунун жети районунун мамлекеттик администрацияларына, райондук билим берүү бөлүмдөрүнө, калкты социалдык жактан коргоо башкармалыктарына жана укук коргоо органдарына жарандардын арыздарын мыйзам чегинде, жеринде карап чыгуу, МИКтин шарттары боюнча толук түшүндүрмө берүү жана аткарылган иштер тууралуу маалымат берүү тапшырылды.
Ошондой эле, социалдык жактан муктаж жарандарга материалдык жардам көрсөтүү маселеси каралды. Бардык арыздар КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жеке көзөмөлүнө алынды.
Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы