19-май күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү, чек ара аймактарын колдоо, билим берүү, суу ресурстарын башкаруу, жаштар саясаты жана туруктуу өнүгүү багытындагы кызматташтык маселелерин талкуулашты.
Аманкан Кенжебаев Ош облусунда билим берүү мекемелеринин жетишсиздиги жана суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу маселелери аймак үчүн маанилүү багыттардын бири экендигин белгиледи.
Өз кезегинде Антье Граве айым Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы ишмердүүлүгү, учурда ишке ашырылып жаткан программалар жана келечектеги пландар тууралуу маалымат берди. Ал БУУ аймактарды өнүктүрүү, социалдык инфраструктураны жакшыртуу жана чек арага жакын аймактарды колдоо багытындагы кызматташтыкты мындан ары да улантууга кызыкдар экендигин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызматташууну мындан ары чыңдоого жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.
*****
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы