18-сентябрь күнү Ош облусунун Кара-Суу шаарында толук реконструкцияланган “Манас” стадиону Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтанаттуу ачылды.
Стадион алгач 1960-жылы курулуп, эскирип калгандыктан, кайрадан толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. “Манас” стадионунун курулушуна жалпысынан 274 миллион сомдон ашуун каражат жумшалган. Бул каражат жергиликтүү бюджеттен, Ош облусунун өнүктүрүү фондунан, Кыргыз Республикасынын Футбол биримдиги тарабынан бөлүнгөн.
Жаңыланган спорт комплекси эл аралык талаптарга ылайык курулуп, трибуналардын сыйымдуулугу — 5000 миң көрүүчүгө ылайыкталган. Анда футбол талаасы, чуркоо аянтчалары, администрациялык имарат, медициналык пункт, ажаткана жана жуунуучу жайлар бар. Ошондой эле стадион толугу менен жарыктандырылып, жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү.
Бул стадион жаштарга спорт менен машыгууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүп, футболду өнүктүрүүгө өбөлгө болот. Ошондой эле Кара-Сууга келген туристтер үчүн дагы жагымдуу шарт түзөт.
Ачылыш аземи чоң концерт менен коштолуп, учурда жаңы стадиондо “Мурас Юнайтед” менен “Дордой”футболдук клубдары Кыргыз Республикасынын кубогунун финалында беттешүүдө.