Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, капиталдык оңдоодон өткөн “Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа” жолун ачты.
Мамлекет башчы өз сөзүндө стратегиялык маанидеги жолдорду, эл аралык коридорлорду, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдорду салуу максаты коюлганын белгиледи.
“Буга чейин жолдорубуз насыяга, чет элдик компаниялардын жардамы менен салынып келсе, эми жолдордун дээрлик 80 пайызы мамлекеттик бюджеттин эсебинен, ата мекендик ишканалар тарабынан курула баштады”, - деди ал.
Учурунда мамлекеттин алдында өлкөнүн көз карандысыздыгын, мамлекеттин бүтүндүгүн чыңдоо максатында чек араларды тактоо, өлкө бюджетин арттыруу менен өзүнүн күнүмдүк турмушуна эптеп жеткен бюджеттик мекемелердеги эмгек акыларды көтөрүү сындуу бир катар чоң-чоң көйгөйлөр турганын белгилеп өттү.
Ал ошондой эле мындай негизги көйгөйлөр менен катар өлкө экономикасын жандандыруу маселесинде дал ушул союздан калган жолдорубузду оңдоо муктаждыгы дагы күн тартибине чыкканын кошумчалады. Мындан улам, өлкөбүздө жол-транспорт тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.
Ал Транспорт жана коммуникациялар министрлигине стратегиялык жана жергиликтүү маанидеги жолдорду оңдоо жана реконструкция боюнча масштабдуу иштерди аткарууну тапшырганын баса белгиледи.
Президент өлкөбүздүн аймагында көптөгөн жолдор өз милдетин эчак эле ашыкча аткарып, эми жедеп жыртылып, жамап-жаскоого да жарабай калганын ырастады. Өлкɵ ичинде автоунаалардын саны арбыган сайын эски жолдорубуз таптакыр жараксыз болуп калган.
“Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа” жолу дагы мына ошондой жолдордун бири эле.
Ал биринчи кезекте, облустун райондор аралык жол каттамдарындагы кыйынчылыктарын четтетүү, ошол эле маалда облустун социалдык-экономикалык байланыштарын арттыруу милдети коюлганына басым жасады. Жолдордун инфратүзүмүн жакшыртуу максатында өлкөнү Турукташтыруу фондунан “Ош – Баткен – Раззаков” жолунун “Ноокат – Кызыл-Кыя” бөлүгүнө жана “Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа” жолуна кошумча 4 миллиард сом бөлүү чечими кабыл алынган. Натыйжада “Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа” жолу бүгүн расмий түрдө колдонууга берилип олтурат.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров “Ош – Кара-Суу” жолун оңдоо колго алынганын, кийинки жылы “Кара-Кулжа – Алай” райондорун бириктирген жол каттамына көңүл буруларын кошумчалады.
Ал бүгүнкү күндө бул “Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа” жолунун 34 чакырымы капиталдык оңдоодон өтүп, заман талабына ылайык жол салынганын белгиледи. 4 айдын ичинде жол толугу менен оңдолуп-түзөлүп, элибиздин колдонуусуна берилген.
Президент бул долбоордун ишке ашырылышы менен жарандар үчүн, айрыкча, Кара-Кулжа, Мырза-Аке, Өзгөн элинин ары-бери каттоосу кыйла жеңилдеп, соода-сатык жанданып, экономикалык жана социалдык байланыштарга жаңы дем берет деген ишенимин билдирди. Каттам убактысы үнөмдөлүп, элдин турмушунун жакшырышына, жергиликтүү өндүрүш, ишкердик жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өнүгүшүнө өбөлгө түзүлөт.
Садыр Жапаров бул тармакта эмгектенген ар бир жолчу жана транспорт кызматкери өз ишине терең жоопкерчилик менен мамиле кылып, сапаты жана мɵɵнɵтүнɵ дыкат кɵңүл бурганын баса белгиледи. Жолчулардын чыдамкайлык, кесипкөйлүк жана талыкпас эмгеги аркылуу ири долбоорлор ишке ашып отурат. Мындан улам, ал жол тармагынын кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.
Президент негизги максат жолдорду, социалдык объектилерди жаңыртуу, өндүрүш ишканаларын куруу менен бирге, ар бир жаран үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана заманбап жашоо шарттарын түзүү болуп саналарын ырастады.
Аймактардын өнүгүүсү бара-бара жалпы улуттук өнүгүүнүн өзөгүн түзөт.
Ал мындай иштер мындан ары да бардык аймактарда улана берет деп белгиледи.
Мамлекет башчысы райондордо мурдагыдай эле акыбал начар экенин: жолдор жаман, ооруканалар эски, айрым айылдарда мектептердин абалы да канааттандырарлык эместигин айтты.
Садыр Жапаров мамлекет жакынкы жылдары ошол аймактарга да жетерине ишендирди: жолдор салынып, ооруканалар курулуп, мектептер жаңыланат. Буга байланыштуу ал алыскы аймактардагы жарандардан бир аз чыдап турууну суранды.
“Алдыда келе жаткан жылдары айылдарга эле эмес, алыскы жайлоолорго чейин асфальт жеткиребиз”, - деди ал.
Президент Садыр Жапаров бул үчүн мамлекеттин күчү да, каражаты да жетерин, тек гана убакыт керектигин баса белгиледи.