Президент Садыр Жапаров Кара-Сууда жаңы үй-бүлөлүк медицина борборунун ачылышына катышты

12.04.2026  13:35

78

Президент Садыр Жапаров Кара-Сууда жаңы үй-бүлөлүк медицина борборунун ачылышына катышты

12-апрель күнү, Ош облусунун Кара-Суу районунда жаңы үй-бүлөлүк медицина борборунун имараты расмий түрдө пайдаланууга берилди.

Салтанаттуу ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында катышып, жергиликтүү тургундарды жана медицина кызматкерлерин жаңы медициналык мекеменин ачылышы менен куттуктады.

Жаңы борбор үч кабаттан туруп, анын курулушуна жалпы 270 миллион сом жумшалган. Долбоор толугу менен республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.

Медициналык мекеме калкка алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн кеңири түрлөрүн сунуштайт. Борбор заманбап жабдуулар менен камсыздалып, анда компьютердик томография, рентген, УЗИ, фиброскан, эндоскопия жана лабораториялык кызматтар жеткиликтүү.

Маалыматка ылайык, борбор күн сайын 250–300гө чейин бейтапты кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ал Кара-Суу районундагы 400 миңден ашуун тургунга биринчи медициналык кызмат көрсөтөт.