Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-апрелде, Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылындагы маданий жана калкты тейлөө борборунун ачылыш аземине катышты.
Борбор мамлекеттик кызматтарды комплекстүү түрдө көрсөтүүнү камсыздап, социалдык багыттагы объекттерди бир жерде жайгаштырууга багытталган.
Садыр Жапаров үч кабаттуу имараттын инфраструктурасы менен таанышып, андагы калкты тейлөө бөлүмдөрүн, кинотеатр, машыгуу залын, банк бөлүмдөрүн, конференц-залды жана башка коомдук жайларды көрүп чыкты.
Андан соң Президент Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен баарлашып, мындай борборлор өлкөнүн башка райондорунда да ачыларын айтты. Өз кезегинде жашоочулар ишке ашырылып жаткан демилгелердин калктын жашоо шартын жакшыртуудагы маанисин белгилешип, аймактарды өнүктүрүүгө көңүл буруп жатканы үчүн ыраазычылык билдиришти.
Белгилей кетсек, аталган борбордун жер тилкесинин жалпы аянты 0,45 гектарды түзөт, долбоор район тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.