Президент Садыр Жапаров Араванда 150 орундуу жаңы мектептин ачылышына катышты

11.04.2026  11:33

69

Президент Садыр Жапаров Араванда 150 орундуу жаңы мектептин ачылышына катышты

11-апрель күнү Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагына караштуу Гүлбар айылында заманбап 150 орундуу жаңы мектептин ачылышы болду.

Ачылыш аземге Президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында катышып, жергиликтүү тургундарды жаңы билим уясынын ишке кириши менен куттуктады.

Эки кабаттуу мектеп спорт залы менен кошо курулуп, заманбап билим берүү талаптарына ылайык бардык шарттар менен камсыздалган. Мектепте окуу класстарынан тышкары информатика, китепкана, концерттик зал, ашкана жана заманбап окуу-техникалык жабдуулар каралган.

Мектептин курулушу бүгүнкү күндө толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Имараттын жалпы сметалык баасы 92 млн 451 миң сомду түзөт.

Жаңы билим берүү мекемеси аймактагы билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.