13-апрель күнү, Ош облусунун Алай районунда заманбап маданий-калкты тейлөө борборунун имараты расмий түрдө пайдаланууга берилди.
Салтанаттуу ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын төртүнчү күнүнүн алкагында катышып, жергиликтүү тургундарды жаңы маданий борборлуу болушу менен куттуктады.
Алай районунун борборунда мындай имарат биринчи жолу курулуп жатат. Курулуш Президенттин турукташтыруу фондунан каржыланып, жалпы 150 млн сом сарпталган. Борбордун ичинде кинотеатр, машыгуу залы, кызмат көрсөтүүчү мекемелер, банктын филиалдары, жыйындар залы жана башка бөлүмдөр жайгашкан.
Тагыраак айтканда, бардык кызматтар бир жерге топтолуп, алыскы аймакта жашаган жарандардын убактысын үнөмдөп, ошол эле учурда эс алып кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.