Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл аймагында райондун 90 жылдыгына карата үч көчө асфальтталып, расмий колдонууга берилди. Ачылыш аземине Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, район акими жана жергиликтүү тургундар катышты.
Биринчилерден болуп Алчалуу айылындагы Таштанов Абдыманап атындагы ички көчөнүн ачылышы болду. Жалпы узундугу 3118 метр, туурасы 4.5 метр болгон жол толук асфальтталып бүттү. Бул иштер май айында башталып, республикалык бюджеттен 22 млн 150 миң сом каражат бөлүнгөн.
Андан соң “Папан Турук” коомдук фонду тарабынан Күндөлүк айылындагы жолдун 1,5 чакырым аралыгы асфальтталып бүтүп, пайдаланууга берилди. Жолдун асфальтынын калыңдыгы 14 см болуп, жалпы сметалык баасы 16 млн 100 миң сомду түздү.
Мындан тышкары, Папан айыл аймагындагы Кожо-Келен айылынын аралап өткөн ушул эле Ак-Терек–Папан–Кожо-Келен унаа жолунун 72–74-чакырым аралыгындагы 2 чакырым жол асфальтталып, пайдаланууга берилди. Бул долбоор Ош облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, жалпы 16 млн 297 миң 395 сом каражат жумшалды. Жолдун туурасы 6 метр, асфальттын калыңдыгы 13 см.
Жаңы салынган бул жолдор мурда асфальтталган эмес. Жергиликтүү тургундар көп жылдар бою жолдун начар абалынан улам кыйналгандарын айтышып, облус жетекчисине ыраазычылыктарын билдиришти.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн Ош облусунун башчысы Эльчибек Дантаев алгач айыл тургундарын жаңы жолдуу болушу менен куттуктап, облустун алыскы айылдарында мындай жол куруу иштери айылдарды өнүктүрүүгө багытталып жатканын белгилеп, бул сыяктуу долбоорлор мындан ары да улантыларын билдирди.