2026-жылдын 17-февралында Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагына караштуу Жылалды айылында заманбап 275 орундуу жаңы мектептин салтанаттуу ачылышы болду.
Ачылыш аземге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жана Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев катышып, жергиликтүү тургундарды жана окуучуларды жаңы билим уясынын ишке кириши менен куттукташты.
Эки кабаттуу мектеп спорт залы менен кошо курулуп, заманбап билим берүү талаптарына ылайык бардык шарттар менен камсыздалган. Мектепте окуу класстарынан тышкары информатика, физика, химия кабинеттер, китепкана, концерттик зал, ашкана жана заманбап окуу-техникалык жабдуулар каралган.
Маалыматка ылайык, мектептин курулушу 2022-жылы башталып, бүгүнкү күндө толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Имараттын жалпы тендердик баасы 151 млн 939 миң сомду түзөт.
Жаңы билим берүү мекемеси аймактагы билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.