Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жалпак-Таш айыл аймагына жаңы заманбап грейдер техникасы расмий түрдө тапшырылды. Техниканын ачкычын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин орун басары – Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Азамат Кадыралиев тапшырды.
Грейдер техниканын жалпы баасы 9 миллион 500 миң сомду түздү. Анын ичинен 7 миллион 775 миң сому Ош облустук өнүктүрүү фонду тарабынан, ал эми 1 миллион 725 миң сому Жалпак-Таш өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржыланды.
Аймак тургундарынын айтымында, бул техниканын зарылдыгы акыркы жылдары өзгөчө сезилип келген. Айрыкча жаз жана күз мезгилдеринде жолдордун абалы начарлап, элдин ары-бери каттоосу кыйындаган. Эми жаңы техниканын жардамы менен айылдагы ички жолдорду оңдоо, кыш мезгилинде кар тазалоо жана башка техникалык иштерди ыкчам жана сапаттуу аткарууга шарт түзүлөт.
Жергиликтүү калк бул ири салым үчүн өлкө жетекчилигине, айрыкча Ош облусунун башчысы Эльчибек Джантаевге ыраазычылык билдиришти.