Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кара-Дарыя айылында 200 орунга ылайыкташкан бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Курулуш иштери менен бүгүн, 11-июлда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Өзгөн районуна болгон иш сапарынын алкагында таанышып чыкты.
Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 200 орунга ылайыкталган. Реконструкциядан кийин бала бакча заманбап жабдуулар менен камсыздалып, бөбөктөр үчүн бардык шарттар түзүлөт.
Бала бакчанын реконструкциялоо долбоорунун жалпы наркы 22 780 444 сомду түзөт.
Каржылоо булактары төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
• Облустук өнүктүрүү фондунан – 4 800 281 сом;
• Райондук өнүктүрүү фондунан – 9 722 490 сом;
• Өздүк салым (жергиликтүү жамаат жана демөөрчүлөр тарабынан) – 8 257 673 сом.
Бакчаны реконструкциялоо иштери сентябрь айына бүткөрүү пландалган. Имарат бүткөн соң, Дөң-Булак айыл аймагынын Кара-Дарыя айылынын жашоочулары балдарын заманбап, коопсуз жана ыңгайлуу шарттарда тарбиялоого мүмкүнчүлүк алышат.