Өзгөндүн Ана-Кызыл айылында жаңы мектептин курулушу аяктады

14.10.2025  15:12

5

Өзгөндүн Ана-Кызыл айылында жаңы мектептин курулушу аяктады

14-октябрь күнү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Өзгөн районуна болгон иш сапарынын алкагында Ана-Кызыл айылында курулуп бүткөн жаңы мектептин абалы менен жеринен таанышып чыкты.

Эки кабаттуу заманбап мектеп 275 орунга ылайыкталып, бардык талаптарга жооп берген шарттар менен камсыздалган. Мектептин курамында спорт зал да каралган.

Билим уясы республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулушка жалпысынан 160 млн сом жумшалган. Мектеп жакынкы күндөрү толук пайдаланууга берилери пландалууда