10-октябрь күнү, Өзгөн районунда “Имам Сарахсий” көп функционалдуу билим берүү борборунун курулушуна расмий старт берилди. Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, Ош облусунун башчысы Эльчибек Джантаев, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, ошондой эле Түркия Республикасынын өкүлдөрү жана ГАЙЭ фонду (Гюмюшханели Араштырма Йардымлашма ве Эгитим Вакфы) катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө коноктор куттуктоо сөздөрүн айтышып, курулуштун символикалык башталышын билдирген мезгил кутусун салышты.
“Имам Сарахсий” билим берүү комплекси Түркиянын ГАЙЭ фонду тарабынан каржыланып, заманбап талаптарга жооп берген билим берүү жана социалдык инфраструктураны өзүнө камтыйт.
Курулуш алкагында төмөнкү объектилер тургузулат:
1. Фонд офиси – 2 кабат, 532 м²
2. Курс офиси (132 кыз-келиндер жана 132 эркек балдар үчүн) – 3 кабат, 1 158 м²
3. Ашкана – 438 м²
4. Дүкөн – 2 кабат, 937 м²
5. Дүкөн – 1 899 м²
6. Музей – 3 кабат, 959 м²
7. Отел – 4 кабат, 3 470 м²
8. Балдар жатак лицейи (192 окуучу үчүн) – 3 кабат, 3 309 м²
9. Балдар жатаканасы (174 окуучу үчүн) – 5 кабат, 3 979 м²
10. Институт – 5 кабат, 4 065 м²
11. Мугалимдер жатаканасы – 6 кабат, 4 102 м²
Бул билим берүү борбору жаш муунга сапаттуу диний жана светтик билим берүүнү, ошондой эле илим-билим, маданият жана тарбия багытында кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү максат кылат.