Өзгөндө 50 орундуу муниципалдык мейманкана ачылды

28.08.2025  09:23

53

Өзгөндө 50 орундуу муниципалдык мейманкана ачылды

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айыл аймагында 50 орунга ылайыкташкан заманбап муниципалдык мейманкана пайдаланууга берилди.

Ачылыш аземине Ош облусунун башчысы Эльчибек Джантаев, Жогорку Кеңештин депутататтары Улукбек Ормонов, Элмурза Сатыбалдиев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Жаңы имараттын курулушуна жана оңдоп-түзөөсүнө жалпы 36 млн 800 миң сом жумшалып, каражат облустук өнүктүрүү фондунан жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. Мейманкана бардык талапка ылайык шарттар менен камсыздалган.

Белгилүү болгондой, бул имарат мурда клуб катары колдонулуп, узак мөөнөткө ижарага берилген. Өткөн жылы айыл өкмөткө кайтарылып, багыты өзгөртүлгөн соң капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, мейманканага айландырылган.

Мекеме ишке кириши менен аймакта жаңы жумуш орундарын түзүп, туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды сунуштайт.