Өзгөн шаардык милиция бөлүмчөсүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди

12.06.2025  16:04

8

Бүгүн, 10-июнь күнү Өзгөн шаарында шаардык милиция бөлүмчөсүнүн жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чарага Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Эркебек Аширходжаев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Ош облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Нурланбек Бурканов, милиция кызматкерлери жана ардагерлер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө облус жетекчиси жана министрдин орун басары жаңы имараттагы кызматтык шарттар менен жеринде таанышып, милиция кызматкерлеринин иштөөсүнө бардык зарыл шарттар түзүлгөнүн жана заманбап жабдуулар менен камсыздалганын баса белгилешти.

Мындан тышкары, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Өзгөн шаардык милиция бөлүмчөсүнүн жамаатына жергиликтүү бийликтин атынан 100 миң сомдук сертификатты тапшырды.

Белгилей кетсек, жаңы имарат Ички иштер министрлигине караштуу Курулуш-монтаждоо башкармалыгы тарабынан курулуп бүткөрүлдү. Үч кабаттан турган имаратта жалпы 22 бөлмө бар. Алардын катарында нөөмөт бөлүгү, кеңселер, жарандарды кабыл алуу бөлмөсү, административдик камера жана башка кызматтык жайлар орун алган. Бардык бөлмөлөр заманбап технологиялык жабдуулар менен жабдылган.

Буга чейин Өзгөн шаардык милиция бөлүмчөсүнүн өздүк курамы өздөрүнө тиешелүү имарат жок болгондуктан, Өзгөн шаарынын мэриясына караштуу имаратта убактылуу иштеп келишкен.

Бүгүнкү күндө Өзгөн шаардык милиция бөлүмчөсү Өзгөн шаары жана ага караштуу эки айыл аймагын тейлейт. Тейленүүчү калктын жалпы саны 90 миңден ашуун адамды түзөт.