2025-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөн районуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн угуп, Өзгөн жалпы дарыгердик практика борборунун абалы менен жеринен таанышкан. Натыйжада аталган борбордун ордуна жаңы оорукана куруу демилгеси колдоо тапкан.
Бүгүнкү күндө Өзгөн районунун калкы 290 миңден ашып, жыл сайын өсүүдө. Калктын санынын көбөйүшү менен медициналык кызматка болгон муктаждык да артууда. Ушул маселени чечүү максатында Саламаттык сактоо министрлиги жалпы баасы 1 миллиард 350 миллион сомду түзгөн, 380 орундуу заманбап оорукана куруу долбоорун иштеп чыккан.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 3-сентябрындагы №291 тескемесине ылайык, оорукана курулушуна керектүү каражат 2025-жылга карата Турукташтыруу фондунан бөлүнмөкчү.
Жаңы оорукана Президенттин Иш башкармасына караштуу “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасы тарабынан курулат.
Бул долбоор Өзгөн районунун тургундарына сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, аймактын социалдык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошот.