17-октябрь күнү, Ош облусунун Өзгөн шаарында Өзгөн райондук сотунун жаңы административдик имаратынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрагасы Медербек Сатыев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, сот тутумунун өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Заманбап имарат мамлекеттик каржылоо менен курулуп, жалпы аянты 6345 чарчы метр жер тилкесинде жайгашат. Ал эми имараттын өзү 2760 чарчы метрди түзүп, үч кабаттан турат. Имаратта 50дөн ашуун бөлмө, 8 сот залы жана судьялар үчүн бардык шарттар каралган кызматтык бөлмөлөр болот.
Жаңы административдик имарат сот органдарынын ишин жакшыртууга, кызматкерлерге жана жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.