Ошто “Жамийла” мюзикли көрсөтүлдү

03.12.2025  19:17

9

Ошто “Жамийла” мюзикли көрсөтүлдү

3-декабрь күнү С. Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын чыгармачыл жамааты Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде даярдалган “Жамийла” мюзиклин көрүүчүлөргө сунуштады.

Тунук сүйүү, адам тагдырынын татаалдыгы, Ата-Мекенге болгон сүйүү жана элдердин биримдигин даңазалаган бул чыгарма кыргыздын салттуу маданияты, фольклору, тарыхый кийимдери, хореографиясы жана вокалы менен айкалышып, жогорку деңгээлде коюлду. Мюзикл көрөрмандардын чоң кызыгуусун жаратты.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, анын орун басарлары, райондордун жетекчилери жана облустук мекемелердин кызматкерлери катышышты. Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев мюзиклди даярдап келген филармония жамаатына ыраазычылык билдирип, өзгөчөлөнгөн артисттерге Ардак грамоталарын тапшырды.

Ошондой эле тарыхый инсан — Алымбек датка Асанбий уулунун 225 жылдык мааракесин Алай жергесинде өткөрүүдө филармониянын кошкон салымын белгилеп, жамаатка Ыраазычылык катын тапшырды.