Ошто төрт эм төрөгөн эне ымыркайлары менен үйүнө чыгарылды

23.03.2026  15:07

5

Ошто төрт эм төрөгөн эне ымыркайлары менен үйүнө чыгарылды

23-март күнү Ош облустук төрөт үйүндө төрт эм төрөгөн эне чүрпөлөрү менен үйүнө чыгарылды. Иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, Ош шаарынын мэринин орун басары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, ымыркайлардын абалын сурап, белектерин тапшырышты.

Эске салсак, 2026-жылдын 12-мартында Ош облусунун Араван районунун тургуну Д. Артыкова үч кыз жана бир уулду жарык дүйнөгө алып келген. Наристелердин салмагы төмөнкүдөй: бир кыз — 1830 г, уул — 1815 г, дагы бир кыз — 1520 г, төртүнчү кыз — 1500 г.

Дарыгерлердин маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө эненин да, ымыркайлардын да абалы жакшы.