ОШТО ЭНЕРГЕТИКТЕРДИН КҮНҮНӨ КАРАТА САЛТАНАТТУУ ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

22.12.2025  12:53

2

ОШТО ЭНЕРГЕТИКТЕРДИН КҮНҮНӨ КАРАТА САЛТАНАТТУУ ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

22-декабрда, Ош электр тармактар ишканасында энергетиктердин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Энергетика министринин биринчи орун басары Эмил Ысманов, ошондой эле энергетика тармагынын кызматкерлери катышты.

Салтанаттуу аземде ыйгарым укуктуу өкүл сөз сүйлөп, энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын жоопкерчиликтүү жана түйшүктүү эмгегин жогору баалады.

Иш-чаранын жүрүшүндө тармактагы өз ишинде өзгөчөлөнгөн мыкты кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамоталары менен сыйланышты.