7-сентябрь күнү, Ош облусунда эт-май багытындагы жаңы “Ала-Тоо” породасындагы кыргыз койлорунун эл аралык көргөзмөсү болуп өттү.
Иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлдөрү, Кара-Суу районунун акими, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан, Азербайжандан келген коноктор жана Кыргызстандын жети дубанынан фермерлер катышты.
Облус жетекчиси көргөзмөгө коюлган койлор менен таанышып чыккандан кийин жалпы катышуучуларга кайрылып, жаңы породанын маанилүүлүгүн белгиледи.
“Бүгүнкү күндө биздин агрардык тармактын алдыга жылуусуна көмөк көрсөтүп жаткан эң маанилүү инновациялардын бири — бул «Ала-Тоо» койлорунун жаңы породасы. Бул жетишкендик Кыргызстандын айыл чарбасынын келечеги үчүн абдан маанилүү. Жаңы порода эт жана майдын сапаттуу өндүрүшүн камсыз кылып, климаттык шарттарга ыңгайлуулугу менен биздин агрардык секторду жаңы деңгээлге чыгарат”, — деди Эльчибек Джантаев.
Көргөзмө “Ала-Тоо” породасындагы койлордун таймашы менен улантылып, мыктыларга баалуу сыйлыктар тапшырылды.
Маалыматка ылайык, түштүк аймагында чыгарылган эт-май багытындагы “Ала-Тоо” породасы кыргыз койлорун гиссар кочкорлору менен аргындаштыруу жолу менен алынган.