Ошто “АГРОЭКСПО-2026” эл аралык жарманкеси башталды

05.03.2026  12:26

2

Ошто “АГРОЭКСПО-2026” эл аралык жарманкеси башталды

5-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында “Айыл чарбасындагы инновациялар жана климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташкан ресурс үнөмдөөчү технологиялары” аталышындагы “АГРОЭКСПО-2026” эл аралык жарманкеси башталды.

Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков, Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев, Ош шаарынын мэри Жанар Акаев катышып, жарманкенин маанисине жана мүмкүнчүлүктөрүнө кенен токтолушуп, ийгилик каалашты.

Жарманке айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, фермерлерди, ишкерлерди жана тармактагы адистерди бир аянтчага чогултуп, агрардык сектордогу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоого жана кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.

Көргөзмөнүн негизги максаты – айыл чарбасындагы инновацияларды, климатка ыңгайлашкан технологияларды жана заманбап өндүрүш чечимдерин жайылтуу, фермерлер менен камсыздоочулар ортосундагы кызматташууну бекемдөө, ошондой эле агрардык бизнести өнүктүрүү болуп саналат.

Жарманкенин алкагында төмөнкү багыттар боюнча көргөзмөлөр жана презентациялар сунушталууда:

• айыл чарба техникалары жана жаңы агротехнологиялар;

• сапаттуу үрөндөр жана көчөттөр;

• көчөт тандоо жана отургузуу боюнча мастер-класстар;

• тамчылатып сугаруу системалары жана санарип суу платформалары;

• жашыл энергия жана заманбап жылытуу системалары;

• айыл чарбасын каржылоо мүмкүнчүлүктөрү.

Мындан тышкары, катышуучулар үчүн адистердин мастер-класстары, лотереялар, белектер, ошондой эле жандуу музыка жана шоу-программа уюштурулган. Жарманке эртең дагы уланат.