Ош шаарынын борбордук аянтында 3-март — Мамлекеттик туу күнүнө карата салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүп, туу көтөрүү аземи болуп өттү.
Иш-чарага Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев, Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, легендарлуу парламенттин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлер, шаар тургундары жана аскер кызматкерлери катышты.
«Бүгүн Мамлекеттик туу күнүн белгилеп жатып, жалпыңыздарды патриоттуулукка, мекенчилдикке үндөйм. Туубуз элибиздин майрамдарында, салтанаттарында, улуттук аземдеринде ар дайым желбиреп турсун! Бүткүл өлкөлөрдө Кыргызстандын жарандары башын бийик көтөрүп, жеңиштерде туубузду желбиретишсин! Ылайым, биздин туубуз кыргызстандыктарды бириктирген сыймыктуу символ катары түбөлүккө жашасын!» — деди Кенжебаев.
Иш-чаранын жүрүшүндө жоокерлер шаардын борбордук аянтына мамлекеттик тууну көтөрүштү.
Белгилей кетсек, мамлекеттик туу легендарлуу парламент тарабынан эки ай талкууланып, 1992-жылдын 3-мартында кабыл алынган. Быйыл Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусуна 34 жыл толду.