Ош шаарында Кытай Эл Республикасынын 77 жылдыгына арналган салтанаттуу кабыл алуу болуп өттү

22.09.2026  20:20

60

Ош шаарында Кытай Эл Республикасынын 77 жылдыгына арналган салтанаттуу кабыл алуу болуп өттү

Бүгүн, 2026-жылдын 22-сентябрында Ош шаарында Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 77 жылдыгына жана Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун ишмердүүлүгүнүн кайра жанданышына арналган салтанаттуу кабыл алуу болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр, Ош шаарынын мэри, дипломатиялык корпустун, Кытайдын бизнес коомчулугунун, коомдук жана билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Салтанаттуу иш-чарада Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы Башкы консулу Лю Минче куттуктоо сөзүн сүйлөп, Башкы консулдуктун ишмердүүлүгүнүн кайра жанданышы кыргыз-кытай мамилелерин мындан ары өнүктүрүүдө маанилүү кадам экенин белгиледи.

Өз сөзүндө Аманкан Кенжебаев Кытай Эл Республикасын 77 жылдыгы менен куттуктап, Башкы консулдуктун кайра жанданышынын өзгөчө маанисин белгиледи. Ал Ош облусунун Кытайга географиялык жактан жакындыгын жана тарыхый жактан Борбордук Азиядагы соода-экономикалык байланыштардын маанилүү борбору экендигин белгилеп, кызматташтыкты кеңейтүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар экенине токтолду.

Иш-чаранын жүрүшүндө соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистикалык, билим берүү жана гуманитардык багыттардагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү маселелери каралып, аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы достук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары бекемдөөгө багытталган конструктивдүү кызматташтыкты улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

🏛️ Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы