Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Кара-Суу районуна болгон иш сапарынын алкагында облустагы мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Ош шаарына кирүүчү “Т” түрүндөгү жолдун абалы менен таанышып, реконструкция иштерине байланыштуу жеринде тапшырмаларды берди.
Тактап айтканда, аталган жолдун Кара-Суу районунун Датка айыл аймагына караштуу Кош-Таш көчөсүндөгү 600 метр аралыгын кеңейтүү иштери башталат. Бул максатта жеке менчик турак үйлөрдү жылдыруу жана көчүрүү боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бир жума мөөнөт берилди.
Облус башчысы Эльчибек Джантаев кеңейтилүүчү тилкеде жайгашкан үйлөрдү сүрдүрүү иштерин эртелетүүнү тапшырды жана жаралышы мүмкүн болгон маселелер тууралуу маалымат алып, аларга тыкыр көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө көчүрүлүүчү үйлөрдүн ээлерине башка аймактан жер тилкелер бөлүнүп, компенсация төлөмдөрү боюнча маселелер чечилип, тиешелүү каражаттар берилген.
Белгилей кетсек, Ош шаарына кире турган “Т” түрүндөгү жолдун жалпы 3,4 чакырым аралыгына эки катмар асфальт төшөлүп, жолдун эки тарабына лотоктор орнотулуп, тротуар куруу иштери аяктаган. Калган 600 метрлик бөлүгү төрт тилкелүү заманбап жол катары бүткөрүлөт.