Ош облусунун жетекчиси жарандарды жеке маселелер боюнча кабыл алды

01.07.2025  16:01

60

Ош облусунун жетекчиси жарандарды жеке маселелер боюнча кабыл алды

1-июль күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев облус аймагынан келген жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алды.

Кабыл алууда тургундар негизинен жер тилкеси, турак жай, талаш маселесин чечүүгө жана документ иштерине көмөктөшүү, жол, бала бакча, таза суу жана материалдык жардам алуу сыяктуу турмуштук маанилүү маселелерин көтөрүштү.

Эльчибек Джантаев ар бир кайрылууну жеке угуп, тиешелүү жетекчилер — акимдер жана айыл өкмөт башчылары менен түз байланышып, маселелерди ыкчам жана натыйжалуу чечүү үчүн тапшырмаларды берди.

📌 Маалымат үчүн: Жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алуу ар аптанын шейшемби күнү, саат 14:00дө өткөрүлөт.