Бүгүн, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Ноокат районуна болгон иш сапарынын алкагында Ош-Баткен-Раззаков багытындагы Ноокат–Кызыл-Кыя жолунун калган бөлүгүнө асфальт төшөө иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.
Облус жетекчиси иштин ыргагын көрүп, сапаттуу курулуштун маанилүүлүгүн белгилеп өттү. Ал асфальт төшөө жана жол инфраструктурасын жакшыртуу иштеринин белгиленген графикке ылайык ылдамдатылышы зарылдыгын айтып, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан тараптан 31-августка чейин жолду бүтүрүү боюнча конкреттүү убаданы алды.
Жол курулушунда жаралган маселелерди угуп, Эльчибек Джантаев тиешелүү мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө көйгөйлөрдү өз убагында чечүүгө көмөктөшүү тапшырмасын берди.
Азыркы учурда оңдоо иштерин “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасына караштуу №2 жол куруу башкармалыгы жүргүзүүдө. Жолдун 47-75-чакырым аралыгы жаңыртылып, туурасы 9 метр болуп, 15 см асфальт төшөлөт. Азыр биринчи катмарында 9 см басылып жатат. Ошондой эле эки четине латок, тратуар жана жарыктандыруу тутумун орнотуу каралган.
Белгилей кетсек, 2024-жылы Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 34+400дөн 40+400-чакырымга чейинки аралыгында асфальт төшөө иштери ийгиликтүү аяктаган.
Мындан сырткары, 2025-жылы Ош облусундагы жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында өлкөнүн Турукташтыруу фондунан кошумча 4 миллиард сом бөлүнгөн. Бул каражаттын негизинде стратегиялык мааниге ээ болгон Өзгөн–Мырза-Аке–Кара-Кулжа жана Ош–Баткен–Раззаков багытындагы Ноокат–Кызыл-Кыя жолунун калган бөлүгүн оңдоо иштери улантылып жатат.