Ош облусунун жетекчиси Аманкан Кенжебаев "Лифан" аккумуляторун чыгаруучу заводдун курулушу менен таанышты

30.04.2026  18:17

157

Ош облусунун жетекчиси Аманкан Кенжебаев "Лифан" аккумуляторун чыгаруучу заводдун курулушу менен таанышты

Бүгүн, 30-апрелде, Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагындагы Ак-Жар тилкесинде "Завод Аккумуляторов Лифан" Жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан курулуп жаткан аккумулятор заводунун курулуш иштери менен жеринде таанышып чыкты.

Иш сапары учурунда заводдун курулушунун жүрүшү, аны бүткөрүү мөөнөтү тууралуу маселелер талкууланып, көйгөйлөр жаралса чечүүгө жардам берүү багытында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

10 млн АКШ долларына бааланган "Завод Аккумуляторов Лифан" долбоорун ишке ашыруунун 70%ы аткарылды. Завод ишке кирген соң, ал 120 жумушчу орунду түзүп, жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнө салым кошору күтүлүүдө.

****

КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы