Ош облусунун прокуратурасынын демилгеси менен ишкердик субъекттерди укуктук коргоо боюнча жыйын өттү

22.12.2025  16:03

75

Ош облусунун прокуратурасынын демилгеси менен ишкердик субъекттерди укуктук коргоо боюнча жыйын өттү

Ош облусунун прокуратурасынын демилгеси менен ишкердик субъекттерди укуктук коргоо, алардын ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсүн четтетүүдө, укук коргоо органдары тарабынан текшерүү жүргүзүүдө коррупциялык тобокелчиликтерге каршы аракеттенүү боюнча Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын имаратында жыйын уюштурулуп, бул иш чарага Кара-Суу районунун прокуратурасы, Мамлекеттик салык кызматы органынын жана көзөмөлдөөчү органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышышты.

Аталган иш чаранын жүрүшүндө, Ош облусунун жана Кара-Суу районунун прокуратура органдарынын кызматкерлери тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан ишкердик субъекттерге жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү прокуратура жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин органдарында каттоонун тартиби жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан ишкердик субъекттеринин ишмердүүлүгүнө негизсиз кийлигишүү жана текшерүү фактылары аныкталган учурда күнөөлүү адамдар мыйзамдын талабына ылайык жоопкерчиликке тартыла тургандыгы баса белгиленди.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан иштелип чыккан “Ишкердик субьекттерди текшерүүлөрдү каттоо боюнча” автоматташтырылган маалыматтык системасы жана “Бизнести коргоо” боюнча мобилдик тиркемеси тууралуу маалыматтар айтылып, түшүндүрмөлөр берилди.

Мындан сырткары, иш чаранын жүрүшүндө ишкерлердин суроолоруна жооптор берилди.