 
              
      Ош облусунун прокуратурасы тарабынан 2025-жылдын 9 айына карата областтын аймагында мал уурулук фактылары боюнча козголгон кылмыш иштерге талдоо жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен төмөндөгүлөр аныкталды.
Баарыңыздарга белгилүү болгондой, 25.01.2024-жылдагы Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 28-главасы 205-1-берене (мал уурдоо) менен толукталган.
Кыргыз Республикасынын КЖКнын 205-1-беренеси кылмыштардын классификациясы боюнча оор жана өзгөчө оор кылмыштардын катарына кирет.
Бирок жогорудагыга карабастан, 2025-жылдын 9 айында Ош облусунун аймагында укук коргоо органдары тарабынан мал уурулук боюнча 86 (Алай 32, Араван 4, Кара-Суу 15, Ноокат 13, Өзгөн 19, Чоң-Алай 3) кылмыш иш козголуп, тергөө аракеттеринин жыйынтыгы менен 19 (Алай 2, Араван 1, Кара-Суу 6, Ноокат 5, Өзгөн 4, Чоң-Алай 1) кылмыш иш соттук кароого жиберилип, 15 (Алай 7, Араван 1, Кара-Суу 5, Өзгөн 2) кылмыш иш өндүрүштөн кыскартылып, 46 (Алай 23, Араван 1, Кара-Суу 4, Ноокат 8, Өзгөн 8, Чоң-Алай 2) кылмыш иш тергөөсү аяктаган кылмыш иштерге бириктирилип, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 кылмыш ишке көп катталган.
Талдоо көрсөткөндөй, кылмыштын ушул түрүнүн орун алуусунун негизги себеби болуп, элдердин өз учурунда малдарына тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү, көп учурларда малдар жайыттарда кароосуз калгандыгы, мал кармоочу жайлардын тийиштүү деӊгээлде жабдылбагандыгы болуп саналат.
Ош облусунун прокуратура органдары тарабынан ички иштер органдарынын кызматкерлери менен биргеликте мал уурулук боюнча кылмыштарды алдын-алуу максатында, жер жерлерде айыл тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бул багытта көзөмөлдү күчөтүү жагы эскертилип келет.