Президенттибиздин “Кыргыз Республикасында аткаруу өндүрүшүнүн системасын жана сот аткаруучулардын ишин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” №187 жарлыгына ылайык, 2025-жылдын 1-июлунан тартып 2026-жылдын 1-июлуна чейин аткаруу өндүрүшүнүн системасына апробациялык режим киргизилип, анын алкагында соттук актыларды жана башка аткаруу документтерин мажбурлап аткаруу боюнча функциялар жана ыйгарым укуктар Жогорку сотко караштуу Сот департаментинен Башкы прокуратуранын карамагына өткөрүп берилип, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматы түзүлгөн.
Башкы прокуратуранын №18-К көрсөтмөсүнүн талаптарына ылайык, сот аткаруучулардын мыйзамдуулукту сактоо боюнча аракеттерине жана аракетсиздигине карата көзөмөлдү күчөтүү, мамлекеттик кызматкерлердин этикасын сактоону, жүрүм туруму, эмгекке болгон жана аткаруучулук тартиби, коррупциянын алдын-алуу боюнча иш чараларды көрүүнү, ар бир кызматкердин жашоо-шартына чейин мониторинг жүргүзүү зарылдыгы шаардык, областтык жана райондук деңгээлдеги прокурорлор тарабынан жеке контролго алуу зарыл экендиги баса белгиленген.
Ошондой эле, сот актыларынын аткарылышын камсыз кылуу максатында 2025-жылдын аягына чейин СИ-1 категориясындагы иштердин аткарылышы боюнча өндүрүмдүүлүктү жогорулатуудагы көрсөткүчтөрдү 80%га чейин көтөрүүнү, мамлекеттин пайдасына өндүрүүлүчү негизги айыптар жана алымдар (госпошлина), конфискация боюнча аткаруу өндүрүштөрүндө, карызкорлордун кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн аныктоо жана өлкөдөн сыртка чыкпоо боюнча чектөөлөрдү кою талабы коюлган.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 19.02.2024-жылдагы 13-Б сандуу буйругунун жана 05.07.2022-жылдагы 44-Б сандуу буйругунун 2-3 п. талаптарынын аткарылышы боюнча райондук прокуратуралар тарабынан жергиликтүү САКБ кызматына көзөмөл жүргүзүшүп келишет.
Ош областынын прокуратурасынын прокурорлордун сот өндүрүшүнө катышуусу жана соттук чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн демилгеси менен облустун жетекчилиги, бөлүмдүн кызматкерлери, райондун прокурорлорунун орун басарлары, Ош ОИИБнын тергөө кызматынын башчыларынын ИИБнын ТКнын жетекчилери жана улук сот аткаруучулардын катышуусунда 2025-жылдын 10-ноябрында ыкчам жыйын өткөрүлүп, анда 03.09.2025-жылы Башкы прокурордун орун басары тарабынан келип түшкөн №18-к көрсөтмөсүнө ылайык, жарлыктын эффективдүү аткарылышы боюнча көзөмөлдү күчөтүү жана мамлекеттик органдар ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу боюнча талаптар коюлду.
Жыйында иштердин абалы талкууланып, мыйзамдардын толук аткарылышын камсыздоо маселелерине өзгөчө көнүл бурулуп, аткаруу барактарынын өз убагында жана толук аткарылышы, мыйзам бузууларды жоюу жана координацияны күчөтүү милдеттендирилди.
Бул ыкчам жыйындын негизги максаты аткаруу өндүрүштөрү боюнча жарандардын укуктарын коргоону камсыздоодо прокуратура, сот аткаруучулар кызматы жана укук коргоо органдарынын аракеттерин бир багытта уюштуруу болуп саналат.
Райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнө 2025-жылдын 12 айында жергиликтүү жана башка соттор тарабынан кылмыш иштер боюнча жалпы 58 853 196 сомго айыпты өндүрүү жөнүндө 295 аткаруу барагы түшүп, 2024-жылдан калдык болуп өткөн менен бирге 11 663 360 сомго 76 аткаруу барагы өндүрүштөрүндө болгон. Жалпы аткаруу барагынын ичинен 211 аткаруу барагы боюнча 32 353 196 сом өндүрүлгөн, 3 аткаруу барагы кайтарылган.
Ош областынын прокуратура органдары тарабынан 2025-жылдын 12 айында көзөмөл иретинде райондук САКБнө 25 текшерүү жүргүзүлүп, 12 мыйзам бузуулар аныкталып, 12 сунуш келтирилип, 6 кызматкер тартиптик жазага тартылып, 3 кызматкерге ооз эки эскертүү, 3 сунуш кароодо болгон.
Ошол эле учурда, Ош областынын прокуратурасы тарабынан Башкы прокуратуранын “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 23-июнундагы №187 Жарлыгынын аткарылышы боюнча Сот аткаруучулардын ишмердүүлүгүнүн өз убагында жана сапаттуу уюштурулушун камсыз кылуу тууралуу” №18-К көрсөтмөсүнүн талаптарын аткаруу максатында Араван райондук сот аткаруучулар кызматынын мамлекеттин пайдасына өндүрүлүүгө тийиш болгон акча каражаттарынын аткарылышына көмөктөшүү ирээтинде текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен 09.10.2018-жылы Араван райондук соту тарабынан “М.Т” карата 7 993 017 сом өлчөмүндөгү зыянды мамлекеттин пайдасына өндүрүү боюнча аткаруу барагы келип түшүп, бирок ушул күнгө чейин 6 638 017 сом төлөнбөй, мамлекеттин пайдасына өндүрүлбөй калгандыгы аныкталды.
Ош областынын прокуратурасы тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында С-1 категориясындагы жоопкер “М.Т” тарабынан мамлекетин пайдасына 5 638 017 сом өндүрүлдү.
Ошондой эле, Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан келтирилген прокурордук актынын негизинде мамлекеттин казынасына 4 763 606 сом өндүрүлгөн.
Жыйынтыктап айтканда, жогоруда аталган буйруктун негизинде, Ош областынын прокуратурасы тарабынан сот аткаруучулар кызматынын ишмердүүлүгү көзөмөлгө алынып, ал боюнча тийиштүү иш чаралар жүргүзүлүп, келген материалдарды көмүскөдө калтырбай АИС “Аткаруу өндүрүшү” маалыматтык системасына өз убагында каттоо жана аткаруу өндүрүштөрдү толук жана өз убагында аткарууну камсыз кылуу боюнча жумуштар улантылат.