Ош облусунун Өзгөн шаарында жаңы заманбап бала бакча ачылды

20.01.2026  15:42

29

Ош облусунун Өзгөн шаарында жаңы заманбап бала бакча ачылды

Ош облусунун Өзгөн шаарында 100 орунга ылайыкталган “Жеткинчек муун” аттуу жаңы бала бакча расмий түрдө пайдаланууга берилди.

Ачылыш аземине Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев жана жергиликтүү тургундар катышып, тургундарды жаңы бала бакчанын ачылышы менен куттукташты. Коноктор мекеменин шарттары менен жакындан таанышып чыгышты.

Эки кабаттан турган жаңы бала бакча заманбап талаптарга жооп берген шарттар менен камсыздалган. Курулуш иштери 2024-жылы жергиликтүү жана республикалык бюджеттин эсебинен башталып, жалпы тендердик баасы 49 млн 325 миң сомду түздү.

Белгилей кетсек, 2025-жылы Өзгөн районунда жалпы 17 бала бакча, 4 мектеп пайдаланууга берилген.