Ош облусунун өнүктүрүү фондунун 2026-жылдагы ишмердүүлүгү

08.10.2026  15:03

71

Ош облусунун өнүктүрүү фондунун 2026-жылдагы ишмердүүлүгү

2026-жылы Ош облусунун өнүктүрүү фондуна 500 млн сом өлчөмүндө каражат каралган. Анын ичинен 250 млн сому Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы №554 токтомуна, кошумча 250 млн сому 2026-жылдын 8-апрелиндеги №238-т тескемесине ылайык бөлүнгөн.

Фонддун каражаттары Ош облусунун аймагындагы райондорду, шаарларды жана айыл аймактарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууга жумшалууда.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги №244-т тескемеси менен бекитилген «Автолизингди жеңилдетилген каржылоо-2» долбоорунун алкагында Ош облусундагы 48 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын муниципалдык ишканалары тарабынан жалпы наркы 588 млн 868 миң 675 сом болгон 92 даана атайын техниканы сатып алуу пландалган. Долбоордун шарттарына ылайык, техникалардын жалпы наркынын 30 пайызы, башкача айтканда 180 млн сом, Ош облустук өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен алдын ала төлөнөт.

2026-жылдын 30-сентябрына карата фонддун каражаттарынын эсебинен:

  • 303 млн 84 миң 300 сом – социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорго;
  • 1 млн 915 миң 700 сом – экономикалык долбоорго;
  • 180 млн сом – атайын техникаларды сатып алууга;
  • 15 млн сом – өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча долбоорлорго багытталган.

Жыл башынан бери Ош облусунун өнүктүрүү фондуна райондордон, айыл аймактарынан жана жеке ишкерлерден 105 долбоордук өтүнмө келип түшкөн.

Фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан 6 отурум өткөрүлүп, анын жыйынтыгында 62 долбоор тандалып, каржылоого алынган.

Каржылоого алынган долбоорлордун ичинен:

  • 56 долбоор – социалдык жана инфраструктуралык багытта;
  • 1 долбоор – экономикалык багытта;
  • 5 долбоор – өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытында ишке ашырылууда.

Ош облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан социалдык жана инфраструктуралык объектилерди жакшыртууга, калктын жашоо шарттарын жогорулатууга жана аймактарды комплекстүү өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылоо иштери улантылууда.