ОШ ОБЛУСУНУН БАШЧЫСЫНЫН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ МАЙРАМЫ ӨТТҮ

23.12.2025  13:05

3

ОШ ОБЛУСУНУН БАШЧЫСЫНЫН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ МАЙРАМЫ ӨТТҮ

23-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн балдар үчүн жаңы жылдык балаты майрамы болуп өттү.

Майрамдык салтанатка облус аймагынан жалпы 200гө жакын бала чакырылды. Алар — окуудагы алдыңкы жетишкендиктерге ээ болгон, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары.

Облус башчысы Аманкан Кенжебаев балдарды келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, окуусунда ийгиликтерди жана бактылуу балалык каалады.

Жаңы жылдык балаты майрамында балдар үчүн куурчак театры, театрлаштырылган оюн-зоок программалары уюштурулуп, ар бир балага Ош облусунун башчысынын атынан белектер тапшырылды.