Ош облусунун башчысы жаңы дайындалган РФ Башкы консулу менен жолукту

27.01.2026  15:02

7

Ош облусунун башчысы жаңы дайындалган РФ Башкы консулу менен жолукту

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Россия Федерациясынын Ош шаарындагы жаңыдан дайындалган Башкы консулу Роман Свистин менен жолугушуу өткөрдү.

Белгилүү болгондой, Роман Свистин бул кызматка экинчи жолу дайындалды. Ал буга чейин 2016–2021-жылдары да Ош шаарында РФнын Башкы консулу болуп иштеген.

Жолугушууда Аманкан Кенжебаев дипломатты кайрадан дайындалышы менен куттуктап, жаңы жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады. Ошондой эле анын бай тажрыйбасы, кесипкөйлүгү жана жигердүү ишмердүүлүгү Ош облусу менен Россия Федерациясынын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоого өбөлгө болорун белгиледи.