Ош облусунун башчысы Түркия Республикасынын Элчиси менен жолугушту

11.06.2025  11:00

11

Ош облусунун башчысы Түркия Республикасынын Элчиси менен жолугушту

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окем менен расмий жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун алкагында тараптар Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын, өзгөчө Ош облусу менен болгон достук жана кызматташтык мамилелерин мындан ары тереңдетүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушууда Түркиянын Кызматташтык жана өнүгүү агенттиги (TİKA) тарабынан Ош облусунда билим берүү, саламаттык сактоо, инфраструктура жана маданият тармактарында ишке ашырылып жаткан долбоорлор өзгөчө белгиленип өттү. Ошондой эле Өзгөн районундагы балык чарбасын өнүктүрүү боюнча TİKA тарабынан көрүлүп жаткан аракеттерге да токтолушту.

Тараптар 2024-жылы 263,2 миллион АКШ долларын түзгөн Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүү көлөмүн, экспорт-импорттун түзүмүн жана келечектеги биргелешкен долбоорлорду да талкуулашты. Айрыкча айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы, туризм жана суюк травертин өндүрүү тармактарындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр сунушталды.

Жолугушуунун соңунда Элчи мырзага жана түрк делегациясына Ош облусунун элинин атынан ыраазычылык билдирилип, эки өлкөнүн ортосундагы көп тармактуу кызматташтыкты кеңейтүүгө терең ишеним билдирилди.