Ош облусунун башчысы республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн куттуктап, эс алууга жолдомо тапшырды

08.04.2026  16:47

1

Ош облусунун башчысы республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн куттуктап, эс алууга жолдомо тапшырды

Бүгүн, 8-апрель күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев мектеп окуучуларынын арасында өткөн республикалык олимпиаданын финалдык этабында байгелүү орундарды камсыз кылган окуучуларды өз мектептерине барып салтанаттуу түрдө куттуктады.

Алгач облус жетекчиси Араван районуна караштуу С. Юсупова айыл аймагындагы “Араван Билим Ордо” билим берүү мекемесине барды. Анда англис тили сабагы боюнча 1-орунду ээлеген 11-класстын окуучусу Махаммадзулинов Дониёрбекти, аны даярдаган мугалими Хамидова Дилоромду, ошондой эле окуучунун ата-энесин куттуктап, белектерин тапшырды.

Андан соң Аманкан Кенжебаев Өзгөн районуна барып, Кара-Шоро айыл аймагындагы М. Кулуев атындагы №22 жалпы билим берүү мектебинин 11-классынын окуучусу, тарых сабагы боюнча 2-орунду ээлеген Маматнасирова Албинаны куттуктады. Ошондой эле Төрт-Көл айыл аймагындагы Ж. Маматжанов атындагы жалпы билим берүү мектебинин 11-классынын окуучусу, кыргыз тили сабагынан 2-орунду камсыз кылган Аксубаева Ишенгүлдү да сыйлады.

Облус жетекчиси жеңүүчү окуучуларды, аларды даярдаган мугалимдерди жана ата-энелерин куттуктап, окуучу жана мугалимдерге Ташкент – Бухара – Самарканд шаарларына эс алуу үчүн жолдомо тапшырды.

Өз сөзүндө Аманкан Кенжебаев анын негизги багыттардын бири билим берүү тармагын өнүктүрүү экенин белгилеп, республикалык олимпиадада облус намысын коргоп, ийгилик жараткан окуучуларга, алардын мугалимдерине жана ата-энелерине ыраазычылык билдирди. Ошондой эле билимге умтулган жаштарды ар тараптуу колдоого ар дайым даяр экенин айтты.