Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев бүгүн, 12-февраль күнү Өзгөн районуна иш сапары менен барды. Иш сапардын алкагында ал бир катар билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Алгач өкүл №14 Абдулла Тангатаров атындагы жалпы орто билим берүүчү жатак мектебине барып, бүтүрүүчү класстын окуучулары менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду узатып, ачык форматта пикир алышуу болду. Аманкан Кенжебаев билим берүүнүн сапатын жогорулатуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, бул багытта тиешелүү иштер жүрүп жатканын айтты.
Андан соң өкүл Аалам эл аралык менчик жатак мектебине барды. Ал жерде окуу жайдын материалдык-техникалык базасы, окуу процесси жана окуучулар үчүн түзүлгөн шарттар менен жеринен таанышты. Мектеп жамааты жана окуучулар менен баарлашкан өкүл жаштарга ийгилик каалап, сапаттуу билим алуу келечектин негизги өбөлгөсү экенин белгиледи.
Иш сапардын жыйынтыгында билим берүү тармагын өнүктүрүү багытындагы иштер улантылары маалымдалды.