Ош облусунун башчысы Кара-Сууда көчөт отургузуу иш-чарасына катышты

17.03.2026  17:29

2

Ош облусунун башчысы Кара-Сууда көчөт отургузуу иш-чарасына катышты

2026-жылдын 17-мартында Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев Кара-Суу районунун Баш-Булак айыл аймагында жайгашкан Инновациялык питомникте өткөн бак отургузуу акциясына катышты.

Иш-чара Ош мамлекеттик университети тарабынан ички гранттык долбоорлорду колдоо программасынын алкагында уюштурулду.

Облус башчысы алгач питомниктин түзүлүшү жана анын максаттары тууралуу адистердин маалыматын угуп, тоо экосистемасын сактоо жана жашыл аймактарды көбөйтүү багытындагы иштерге жогору баа берип, мындай демилгелерди ар дайым колдоого даяр экенин билдирди.

Андан соң облус жетекчиси акциянын катышуучулары менен биргеликте жалпысынан 800 түп мөмөлүү көчөт отургузушту. Алардын ичинде 400 түп гилас, 200 түп жүзүм жана 200 түп аралаш бак-дарактар (алма, өрүк, шабдалы, кайың, анар жана башкалар) бар.