9-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев иш сапары менен Чоң-Алай районуна барып, Кыргыз–Тажик мамлекеттик чек арасындагы “Кара-Мык” көзөмөл-өткөрмө пунктунун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Аталган өткөрмө пункту ушул жылдын 8-июлунда ишмердүүлүгүн кайрадан жандандырып, расмий түрдө иштеп баштаган. Учурда “Кара-Мык” көзөмөл-өткөрмө пункту аркылуу суткасына 250гө чейин жаран жана 20га жакын жеңил унаа өтүүдө.
Облус жетекчиси өткөрмө пунктунун уюштуруу иштери, чек ара көзөмөлүнүн абалы жана кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлеринин иштөө шарттары менен жакындан таанышты. Ошондой эле чек араны кайтарып турган жоокерлер менен жолугуп, алардын кызматын аткаруудагы абалын көрдү.